Буттун жамбаштан тизеге чейинки бөлүгү. Буттарың буура санындай, Мурдагы жаштык барында, Булкушар балбан табылбай (Токтогул). Адылдын бели көтөрүлбөй, эки жоон сандын териси тыз-тыз ооруду (Сыдыкбеков).
1. Эсеп ишин жүргүзүүгө, бир нерсенин эсебин, канча экенин көрсөтүүгө колдонулган түшүнүк. Бүтүн сан. Так сан. Жуп сан. Бөлчөктүк сан. 2. Газета, журналдын улам чыгып турган белгилүү кезеги, номерлери. 3. грам. Көптүктү же жекеликти билдирүүчү морфологиялык каражаттар менен берилген грамматикалык категория. Жекелик сан. Көптүк сан. 4. Өтө көп, эсеп жеткис. Алдына сан жылкыны айдаган кең далы, узун бойлуу жылкычы («Жаш ленинчи»). Сан гүлдөн башы адашты (Сыдыкбеков). Жалгызы санга тийгендей («Манас» С. О.). 5. өт. Адам катары, барктуулук эсеби. Санда жок бечера. Кейитермин жаныңды, кетирермин саныңды (фольк.).
Бөлөк-бөлөк болуп жыртылуу же тигишинен сөгүлүп кетүү. Көк дүрүйө көйнөгү, Сан-сан болуп бөлүнүп («Эр Төштүк»).